• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Алтын-Ордо» конушуна 122,5 млн сомго мектеп курулат. Бишкек мэриясы сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы «Алтын-Ордо» конушунун Алтын-Ордо көчөсү №14 дарегине жаңы мектеп курууга сынак жарыялайт.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жаңы жалпы билим берүү мекемеси 480 орунга эсептелген. Долбоордун документ иштери толук бүткөн.

Тендер борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын коомдук-мамлекеттик линиясы боюнча өтөт.

Жаңы жалпы билим берүү уюмунун курулушунун баштапкы сметалык баасы 122 млн 565 миң 569 срмду түздү. Каржылоо булагы – шаардык бюджет.

Тендер жана техникалык тапшырма боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий