• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алтын-Ордо конушундагы 480 орундуу мектептин курулушу 60 пайызга аяктап калды

Коом 0


Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Алтын-Ордо жаңы конушундагы 480 орундуу мектептин курулушу 60 пайызга аяктап калды.

Учурда аталган объектте 30дан ашык куруучу иштеп жатат.

Долбоордун прорабы Сапар Оморгазиев мектептин биринчи кабатына электр энергиясы киргизилип, экинчисинде шыбагы бүткөнүн айтты.

“Үчүнчү этаждын плитасы орнотулуп, чатырын жабууга даярдык жүрүүдө. Мектеп өзү үч блогдон турат. Биринде 18 класс, экинчисинде китепкана жана кол эмгек, үчүнчүсүндө спорт, жыйындар залы жана ашкана болот”, - деди прораб.

Эскерте кетсек, 2022-жылы өлкө боюнча 492 объектти бүткөрүүгө 2,5 млрд сом каралган. Анын ичинде 226 мектеп, 44 бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий