• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы реалдуу режимде өтөт

Билим 0

Бишкек, 20.05.20 /Кабар/. «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздаган талаптарды сактоо менен реалдуу режимде өтөт жана окуучулар жыйынтыкты дароо колуна алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик сынакты өткөрүүнүн бир нече варианттарын даярдап, билим берүү системасындагы практиктер, эксперттер менен талкуулагандан кийин ушундай чечим чыгарды.

Ѳткѳрүү мѳѳнѳтү 2020-жылдын 12-июнунан 19-июнуна чейин пландалып жатат.

Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгѳ ѳзүнчѳ планшет (180) берилет. Бүтүрүүчү тѳрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырып, бүтөрү менен жыйынтык чыгарылат. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан көз карандысыз эксперттер да дароо таанышышат. Мындай форматта ѳткѳрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даяр.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы областтык борборлордо (Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол) ѳткѳрүлѳт, имараттар дезинфекцияланат, социалдык дистанция сакталат жана ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат.

Сынакты мындай форматта ѳткѳрүүнүн бир нече себептери бар. Биринчиден, бүтүрүүчүлѳр реалдуу режимде 10 жыл жана үч чейрек окушту, бир гана тѳртүнчү чейрек дистанттык формада жүргүзүлдү. Мында окуу программаларын ийгиликтүү ѳздѳштүрүшү үчүн окуучуларыбыз электрондук окуу ресурстары менен камсыздалды, телесабактар тартылып, негизги окуу материалдар кѳрсѳтүлдү, мугалимдер аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүлдү. Экинчиден, ар бир баалоо ишенимдүү жана объективдүү жүргүзүлүшү керек. Мындай кѳз карандысыз баалоо ар кандай коррупциялык тобокелдиктерге бѳгѳт коет.

2019-2020-окуу жылында 1420 бүтүрүүчү ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга талапкерлер. Өткөн окуу жылында «Алтын тамга» сынагына 1051 окуучу катышып, 182 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алышкан.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү түрдѳ эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.

Пикир

Оставить комментарий