• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Алтын топтун" ээлеринин саны боюнча "Реал" биринчи орунга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Хорватиялык Лука Модрич "Реал Мадрид" клубунун "Алтын топ" алган жетинчи футболчусу болду.

Буга чейин "Реалдын" оюнчуларынан Альфредо ди Стефано эки ирет (1957, 1959), Раймон Копа (1958), Луиш Фигу (2000), Роналдо (2002), Фабио Каннаваролор (2006) "Алтын топту" бир жолудан алган.

Алардан айырмаланып, "Реалдан" италиялык "Ювентуска" кеткен португалиялык Криштиану Роналду ал сыйлыкка беш жолу татыган (2008, 2013, 2014, 2016, 2017). Эми алардын катарына Модрич кошулду.

Модрич сыйлыкты бир гана өзүнө алып келбей "Реалды" алдыга чыгарды.

"Барселона", "Ювентус" жана "Миланда" алтыдан оюнчусу "Алтын топту" алган.

"Алтын топтун" жалпы саны боюнча "Реал" менен "Барселона" теңелди, эки клубда тең – 11.

Пикир

Оставить комментарий