• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алтынай Өмүрбекова: Балдар, дайыма кыялдангыла

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова А. Малдыбаев атындагы академиялык Опера жана балет театрында Балдардын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынганын 30 жылдыгына жана Балдардын укугу тууралуу конвенцияны Кыргыз Республикасы ратификациялаганынын 25 жылдыгына карата уюштурулган гала-концертке катышты.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте уюштурулган гала-концертке 850 бала – жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары, Беловодскидеги социалдык-стационардык мекеменин тарбиялануучулары, SOS-балдар айылы жана Балдарды коргоо борборундагылар катышты.

Балдарга достук, биримдик жана өз ара урматтоо тууралуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Ошондой эле оюндардын каармандары миграция темасын көтөрүп, балдар үй-бүлөдө жашап жана тарбияланышы керектиги, бардык балдар социалдык абалына жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан билим алууга укуктуу экенин айтып беришти.

Гала-концертте балдарга М. Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектеп-интернаттын тарбиялануучулары, Ф. Шубин атындагы музыкалык мектептин комузчулар ансамбли, Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайдын бийчилери, эстрадалык аткаруучулар өз өнөрлөрүн көрсөттү.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдардын алдында сүйлөп жатып, Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) кирген өлкөрлөрдүн бардыгы мындан 30 жыл мурда маанилүү документти – Балдардын укугу жөнүндө конвенцияны кабыл алганын эске салды.

«Дал ушул документте адамзат балага бардык жакшы нерселерди бериш керектиги, билим алуусуна жана ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү шарт экени айтылат. Муну менен катар балдардын укугун жана кызыкчылыгыни коргоону камсыз кылуу үчүн 2018-2028-жылдарга карата Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасы кабыл алынган», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр майрам күн – бул барынан биринчи улуу муундун өкүлдөрүнө балдарыбыз камкордукка жана түшүнүүгө муктаж экенин эскерткенге мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

«Мамлекет өз кезегинде балдардын зарыл болгон билимди алуусу үчүн, алардыни сапаттуу билим алуусуна, жаркын мектепте окуусуна, ар кандай ийримдерге катышуусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктап жатып, балдарга кыялдануунун мааниси жөнүндөгү тарыхты жана кандай гана кыйынчылык болбосун кыялдардын орундалышына жетүү керектигин айтты.

«Урматтуу балдар, кыялдангыла жана аны кимдир бирөөнүн уурдаганына жол бербегиле. Бары өзүңөрдүн колуңарда», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий