• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алтынай Өмүрбекова: Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коронавирус жугузган учур катталган жок. Бул тууралуу парламентте учкай маалымат берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстандын чек ара өткөрмө бекеттеринде 22 санитардык пункт ачылган. Кыргызстанга келип жаткан жарандарды обсервациялоо жана ооруканага жаткыруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин күчү менен 964 орун даярдалган.

"Саламаттык сактоо мекемелеринде 445, "Эркечтам" жана "Торугарт" бекеттеринде 100дөн, "Манас" аэропортунда 183, "Ош" аэропортунда 40, Ош шаарындагы госпиталда 70 жана Кара-Суу районундагы ооруканада 30 орун даярдалган. 2020-жылдын 28-январынан бери Кыргызстанга Кытайдан 1083 адам келген. Анын ичинен 415 адам Кытайдын жараны", - деп билдирди ал.

Өмүрбекова кошумчалагандай, КРнын Кытайдагы элчилигинин алдын ала маалыматына таянсак, ушул тапта Кытайда 271 кыргыз жараны бар. Алардын ичинен 77си Кыргызстанга кайтып келүү ниетин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий