• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алтынай Өмүрбекова: «Өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда мурдагы айрым иш-милдеттерди улантуучулук салты сакталды»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда 2016-жылга чейин Өнүгүү стратегиясында камтылган айрым иш-милдеттерди улантуучулук салты сакталды. Бул тууралуу вице-спикер, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференциянын жүрүшүндө билдиргенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

«Өнүгүү стратегиясында бир катар жаӊы долбоорлор менен бирге, мурдагы Өнүгүү стратегиясында каралган айрым алгылыктуу долбоордор да камтылды. Жогорку Кеӊештин 2016-жылга чейин Өнүгүү стратегиясындагы кээ бир долбоорлор ар кандай себептерге байланыштуу толук аткарылбай калган. Ошондон улам, аларды иргеп алып, андан ары өркүндөтүү менен, аягына чыгаруу милдети турат. Алар азыркы учурда да өз маанисин жоготкон жок», - дейт Алтынай Өмүрбекова.

Вице-спикер Өнүгүү стратегиясынын башкы багыты Жогорку Кеӊештин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, көзөмөл иш-милдеттерин өтүүсүнө чыгаруу, кыргыз парламентинин эл аралык алакаларын арттыруу болуп санала турганын баса белгиледи. «Парламенттин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, көзөмөл иш-милдеттеринин натыйжалуугун арттыруу, тармактык комитеттер менен парламенттик фракциядын, аппарат бөлүмдөрүнүн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу – негизги максаттардын бири», деп кошумчалады Алтынай Өмүрбекова.

Вице-спикердин сөзүнөн улам, Өнүгүү стратегиясында «Электрондук парламент», «Онлайн-отурум», «Келечектүү иштеп чыгуулар», «Комитет – өзгөрүүлөрдүн», «Натыйжалуу катчылык», «ЖК Аппараты – мамлекеттик кызматтын элитасы», «Жогорку Кеӊештин жаӊы инфратүзүмү» сындуу бир катар алгылыктуу долбоорлор камтылып,. аларды ишке ашыруунун усулдары менен жолдору иштелип чыкканы белгилүү болду.

Анын айтымында, Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу топту спикер Чыныбай Турсунбеков жетектеп, жумушчу топтун курамына депутаттар менен Аппарат жетекчилери кирген, андан тышкары, Өнүгүү стратегиясын аткаруу жана аны ишке ашыруунун пландарын иштеп чыгуу боюнча тогуз жумушчу топ иш жүргүзүүдө.

«Ушу тапта Өнүгүү стратегиясында камтылган долбоорлорду ишке ашыруунун иштиктүү жолдору иштелип чыкты. Конференциянын алкагында ошондой усулдар жаатында атайын баяндамалар угулат. Иш-чара катышуучулары тарабынан айтылган ой-пикирлер менен түшкөн сунуштар талданып чыгып, жумушчу топтордун мындан аркы ишинде эске алынат деген ойдомун», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Алтынай Өмүрбекова.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий