• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алтынай Өмүрбекова Улуттук ооруканадагы кезектер маселесин изилдеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 7-майда, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук ооруканадагы кезектер боюнча маселени ыкчам тартипте изилдеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн маалымат агенттиктеринде Улуттук ооруканада үстүбүздөгү жылдын 7-майында таң эртеден баштап чоң кезектер байкалып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий