• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алтынбек Кубатбеков БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Алтынбек Кубатбеков КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобу тарабынан көрсөтүлгөн. Депутаттык топтун лидери Элмурза Сатыбалдиев талапкер тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында Алтынбек Кубатбековдун талапкерлиги колдоо таап, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий