• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алтынбек Максутов Ош облусундагы бир катар маданият мекемелеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустагы бир катар маданият мекемелеринен кабар алды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр алгач эле «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунда болуп, анын учурдагы абалы менен таанышып чыкты.

Тактап айтканда, аталган музей коругун регенерациялоо, музейдин административдик корпусун ремонттон өткөрүү иштерин мекеме жетекчиси Султан Абдрахманов менен бирге талкуулады.

Аталган музей коруктун тарыхый маданий жай экендигин жана туризм тармагына кошо турган салымын эске алуу менен жакынкы аралыкта тиешелүү чечимдери кабыл алуу иштери жүргүзүлөрүн белгиледи министр.

Андан соң, Алтынбек Максутов Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы курулуп жаткан окуу корпусунун абалы менен жеринен таанышты.

Министр окуу процессин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мамлекет тарабынан тиешелүү каржылоо иштери улана турганын айтып, окуу жайдын директоруна бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий