• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алтынбек Сулайманов алтын сертификат алган 5 бүтүрүүчүгө планшет белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча облустар арасында Ысык-Көл облусу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июлда алтын сертификатка ээ болгон 5 бүтүрүүчүгө облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов сыйлыктарды тапшырды.

Сулайманов бүтүрүүчүлөргө жеке өзүнүн атынан планшеттерди жана чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый-даректүү баян китебин тапшырып, келечек ээлерине ийгиликтерди каалады.

ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр:

- Азамат Саламатов, 225 балл – Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;

- Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

- Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

- Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;

- Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

Пикир

Оставить комментарий