• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Алтынбек Сулаймановдун ордуна депутат болгон Эмил Жамгырчиев ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Эмил Жамгырчиев ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди.

Белгилей кетсек, буга чейин Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий