• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алтынчы алтын! Акжол Махмудов Ислам оюндарында жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынды.

Махмудов финалдык беттеште Азербайжандын спортчусун 5:2 эсебинде утуп алды.

Буга чейин ал түркиялык жана өзбекстандык спортчуларды жеңген.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын аталган турнирдеги алтынчы алтыны. Буга чейин Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев алтын тагынышкан.

Эскерте кетсек, Ислам шериктештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий