• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

6-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Кыргызстанда 6-мартта кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8, Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +5...+10.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8, Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -2...+3.

Бишкекте 6-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8.

Ал эми Ош шаарында дагы жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн -1…+1, күндүз +7…+9.

Пикир

Оставить комментарий