• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алтындан жасалып, бриллианттын салмагы 15 каратты түзгөн туфлини 17 миллион долларга сатып алат белеңиз?

Дүр дүйнө 0

Дүйнө жүзүндө чыныгы алтындан жасалган, анан да бриллианттын салмагы 15 каратты түзгөн туфли сатылат экен десе ишенет белеңиз? Ооба, чыныгы алтындан жасалган туфли. Баасы 17 миллион АКШ доллары.

26-сентябрда Дубайдагы жети жылдыздуу Burj Al Arab мейманканасында дүйнөдөгү эң кымбат “Passion Diamond Shoes” аталыштагы туфлини сунушташты. Бут кийимди рекорддук баа 17 миллион АКШ доллары деп баалашкан.

Шиш такалуу туфлини чыныгы алтындан жасашып, салмагы 15 каратты түзгөн бриллиант менен кооздошкон. Андан тышкары бут кийимге 236 кичинекей бриллиантар чачылган.

Мындай өзгөчө кооз бут кийимдин авторлору Jada Dubai жана Passion Jewellers.

“Биз чындыгында эле уникалдуу болгон экземплярды жараткыбыз келген”, - деп билдирген Jada Dubai.

Кызыгы Passion Diamond Shoes туфлисин туш келген эле сатып алуучуга көрсөтө беришпейт экен. The National басылмасы билдиргендей, уникалдуу бут кийимди аукциондо 50 эң мыкты конокко гана сунушташат.

Алтындан жасалган туфлиден сырткары аукционго “арзаныраак" Jada Dubai брендинин башка бут кийимдери сунушталат: Жемчуг жана бриллиант менен кооздолгон Diamond Pearl бут кийими– 25 000 доллар. Ошондой эле ачык-кызыл түстөгү шиш такалуу Ruby Stilettos туфлиси. Баалуу таштар менен кооздолгон, баасы – 27 000 АКШ доллары.

Пикир

Оставить комментарий