• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Алтынга тете коло. Амантур Исмаилов дүйнө чемпионатында үчүнчү орундун ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.

Спортчу 67 кг салмак категорияда беттешкен.

Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты.

Чечүүчү 3-орун үчүн күрөштө Амантур Исмаилов Грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий