• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алыбаев: Кыргызстандыктардын 80%ы Түркияда ишке орношот

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Биздин мекендештердин 80 пайызы Түркияда ишке орношууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев кабарлады.

Анын айтуусунда, КРнын жарандарына ишке орношууга уруксат берүү жана көзөмөл жүргүзүү боюнча Миграция кызматы менен биргеликте ишке орноштуруучу жеке компаниялар иш алып барат.

“Уруксат берүү 4 миң сом турат. Ал депозит катары төлөнгөн каражаттан кийин берилет. Ал депозиттик каражат чет өлкөлүк жумуш берүүчү жак жана ошол жумушка кызматкер таап берүүчү субъект ортосунда кол коюлган келишимдин шарттары аткарылбай, эмгек мигрантына материалдык зыян келтирилген учурларда төлөп берүү үчүн алынат”, - деп түшүндүрдү ал.

Алыбаев кошумчалагандай, кыргызстандыктардын 80% Түркияда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө сезондук ишке орношот.

“Көп учурда алар официант, мейманкалардын кызматкерлери болуп иштешет. Бирок бул биздин жеке агенттиктердин берген маалыматтары. Ал эми биздин расмий маалыматтарга ылайык, мекендештердин көбү Россияга кетишет”, - дейт ал.

Алмаз Алыбаев кошумчалагандай, 2018-жылы жарандардан жумуш берүүчүлөрдүн жана жөнөтүүчү компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу 55 арыз келип түшкөн. Маалыматтык-консультативдик борбордун катышуусу менен жумуш издегендерге 993 миң сом кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий