• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алыбаева: 2019-жылы "балага сүйүнчү" 161 миң 700 балага берилди

Коом 0


Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. 2019-жылы "балага сүйүнчү" 161 миң 700 балага берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Ал эми быйыл жыл башынан бери "сүйүнчү" 2 миң 559 балага берилген. Ага 10 млн 374 миң сом бөлүнгөн.

"2019-жылы "балага сүйүнчү" 161 миң 700 балага берилген. Ага 650,3 млн сом бөлүнгөн", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2018-жылы "балага сүйүнчү" 90 миңден ашык балага берилип, жалпы "сүйүнчүнүн" суммасы 365,8 млн сомду түзгөн.

Балдарга берилүүчү сүйүнчү пулдун өлчөмү 4 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий