• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алыкулов көчөсүндө жайгашкан темир жол өткөөлүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. 26-сентябрь күнү "Сокулук-Бишкек I" темир жол бекеттеринин 3773 чакырымындагы кайтарууга алынган темир жол өткөөлүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал өткөрмө бекети Бишкек шаарынын Алыкулов көчөсүндө жайгашкан.

Эртең, 08:00-17:00 сааттар аралыгында аталган жерде жол кыймылын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий