• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алымбек Орозбеков: “Кыргызстан Британия менен соода жана инвестиция тармагында мамилени бекемдөөгө кызыктар”

Экономика 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Эртең, 28-февралда Бишкекте экинчи кыргыз-британ бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны алдыга жылдыруу агенттигинин директору Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, биринчи жолу Кыргызстанга Европадан ушундай чоң делегация келди жана алар эки тараптуу мамилени бекемдөөгө кызыктар. “Биз эртең экинчи бизнес-форумду өткөрүүгө даярдануудабыз. Биринчи кыргыз-британ бизнес-форуму өткөн жылы май айында Лондондо өткөн. Форумдун максаты британдык соода миссиясын КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, мүмкүнчүлүктүү инвесторлорду тартуу, эки өлкөнүн бизнес-чөйрөсүнүн ортосунда өз ара пайдалуу байланыш түзүү болуп саналат”,-деди А.Орозбеков.

Ал белгилегендей, аталган иш-чара соода жана инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө арналат.

Мындан тышкары, агенттиктин директору конокторго Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнүн алкагында кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий