• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алымбеков: Президенттин кайрылуусун өнүктүрүү зарыл

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кечээ, 5-майда президент жаңы Конституцияга кол койду. Муну менен катар ал Кыргызстан элине кайрылуу жасады, анын жүрүшүндө жаңы Конституция тууралуу ойлору менен гана бөлүшпөстөн, өлкөнүн турмушунун бардык тармактарына таасир эткен көптөгөн тармактарга токтолду. Ал Конституциялык реформа – бул башталышы гана экенин жана алдыда көптөгөн иштер бар экенин айтты.

Ушуга байланыштуу эксперттик коомчулук тегерек столдун жүрүшүндө президенттин кайрылуусун талкуулоону чечти. Кеңешбек Алымбеков өзүнүн пикири менен бөлүштү.

“Президенттин кайрылуусундагы адеп-ахлактык тарбия берүү эң негизгилердин бири болуп саналат, анткени бардык тармактын мындан аркы өнүгүүсү ошого жараша болот. Биз акыркы убактарда чоң салтанаттарды өткөрүүдө көптөгөн азык-түлүктөр керектелерин, ошол эле учурда өлкөдө азык-түлүктүн тартыштыгы тууралуу айтып жатабыз. Биз азык-түлүктүн ири бөлүгүн сырттан ташып келебиз. Кечээ президент ушул теманы көтөрдү. Элде азык-түлүк маданияты болуш керек. Биздин эл илгертен бери эле өнүмдү баалап, ага аяр мамиле кылган. Азыр столдор толуп турат, бирок мунун бары ашкере. Биз президенттин кайрылуусун өнүктүрүп, ушул багытта иштешибиз керек, жаш муунга жөн эле тарбия бербестен, Кыргызстандын азык-түлүк ресурсуна аяр мамиле жасашыбыз абзел”,-деди ал.

.

Пикир

Оставить комментарий