• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алымкадыр Бейшеналиев: "Алтын балалык" борбору ачылгандан бери 40 операция жасалган

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору ачылгандан бери 40 операция жасалган. Бул тууралуу аталган борбордун директору Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен 28-августтан 7-сентябрга чейин "Алтын балалыкта" 100дөн ашуун майыптыгы бар балдар ата-энелери менен жана интернаттан келген өспүрүмдөр эс алышкан. Ал эми 7-сентябрдан баштап дагы 70ке жакын балдардын жаңы тобу эс алууга барган.

"Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, ушул жылдын жай мезгилинде 40ка жакын бейтапка операция жасалган.

“Балдар 10 күндүк эс алуу учурунда сууга гана түшпөстөн, ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, "Рух Ордо" маданий борбору менен таанышып, кемеге түшүүдө. Андан сырткары, балдарга маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп жатат”, - дейт Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, Чолпон-Атада 17 жылдан кийин 1-июнда “Алтын балалык” реабилитациялык борбору иштей баштап, өлкө аймагындагы жалпы 1800 бала эс алышкан.

Пикир

Оставить комментарий