• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Алымкадыр Бейшеналиев Германияда кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-20-май аралыгында Германияда иш сапары менен жүрөт.

Министрликтен билдиришкендей, Бейшеналиев Штутгарт, Гаутинг жана Аугсбург шаарларындагы кургак учукка каршы күрөшүү кызматтын лабораториялары менен таанышты.

Иш сапар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан делегацияларынын катышуусунда 2022-жылга USAID ETICA иш планынын алкагында болду.

Иш-чаранын катышуучулары Микробиология жана лабораториялык медицина институтунда лабораторияларды башкаруу практикасы, ар кайсы үлгүлөрдүн логистикалык системасы жана лабораториялык маалымат системасынын иштеши менен тааныша алышты.

“Кыргызстан өнөктөштөр менен биргеликте кургак учукка каршы күрөшүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Каза болгон учурлар азайып, дарылоо ийгиликтүү боло баштады. USAIDдин техникалык колдоосу Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга жана кургак учук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берди. USAIDдин колдоосу менен сатылып алынган GeneXpert жаңы диагностикалык жабдуулар дарыгерлерге кургак учукту тез аныктоого мүмкүндүк берет. Эл аралык донорлорго жугуштуу оорулар менен күрөшүү жана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо максатында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет”, - деди Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий