• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ПЦР-анализдин жыйынтыгы оң чыккан. "Анын абалы канааттандырарлык", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын 29-мартында биринчилерден болуп COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий