• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды.

“Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришкендей, айыпталуучу Т.М.Т.нын өздүгү такталып, туруктуу жашаган жери бар болгондугуна байланыштуу Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын 2022-жылдын 19-майындагы чечими менен ага карата 1 айлык мөөнөткө үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Мындан тышкары, анын багуусунда жашы жете элек балдары дагы бар.

Эскерте кетсек, мурдараак УКМКдан билдиришкендей, 17-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, кармалган. Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий