• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, кармалды.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.

Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий