• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси дагы бир айга абакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Кызматтан убактылуу алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова дагы бир айга абакта калтырылды. Мындай чечимди Каракол шаардык соту чыгарган.

"Тилекова Мээрим Тилековна 2022-жылдын 11-августуна чейин абакта калтырды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Тилекова үстүбүздөгү жылдын 17-майында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалган. Андан кийин тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген. 19-майда Тилекова үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий