• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажикстан менен кол коюлган №42 протокол чек арадагы абалды турукташтырууга багытталган – эксперт

Коом 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кол коюлган №42 протокол чек арадагы абалды турукташтырууга багытталган жана аймакты бөлүштүрүүнү жөнгө салбайт. Бул тууралуу запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев билдирди.

Анын айтымында, элдер биздин куралдуу күчтөрдү колдоп, айтылган сөздөрдү туура түшүнүшү керек.

“Протоколго кол коюлгандан кийин эки тарап тең аны кармашыны керек. Ал эми кээ бирлери “Тамдык”, “Капчыгай” деген посттор кайда, “Ак-Сай” кайда экенин билбей туруп, ал туура эмес, бул туура эмес деп эч нерсени түшүнбөй эле кыйкырып жатышат. Протоколдо чек арачылардан тышкары бардык күчтөр артка кайтарылсын деп жазылган жана ал сакталышы керек. Ошондой эле анда биргелешкен кайгуул кызматтары болот деп көрсөтүлгөн. Протокол аткарылгандан кийин баары мурунку жашоосуна кайтып келет”, - деди генерал.

Пикир

Оставить комментарий