• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алымкулов: Нарын облусунда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Нарын облусунда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 8-июлга карата коронавируска чалдыккан 14 жаңы учур катталган. Нарын шаарында - 3, Ат-Башы районунда - 6, Жумгал районунда - 2, Кочкор районунда - 3 учур катталып, облус боюнча жалпы коронавирус жуккандардын саны 586га жетти.

"449 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, 11 адам каза болду. Учурда 114 адам дарыланып жатат, алардын ичинен 64ү үй шартында дарыланууда. Учурда 574 адам үй карантининде, ал эми обсервацияда - 60", - деп билдирди ал.

Өкүл кошумчалагандай, облус боюнча коронавирус жуккандар менен 3 миң 85 адам байланышта болгон.

"Учурда ооруканаларда 201 бейтап бар, алардын ичинен 62 жаран коронавирустан дарыланууда, ал эми пневмония менен ооругандардын саны 139", - деп кошумчалады өкүл.

Пикир

Оставить комментарий