• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алымкулов: Нарында буудай аянттарын кеңейтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Нарын облусунда жазгы талаа иштеринде буудай аянттарын кеңейтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусу боюнча 38 миң 600 гектар жер айдалмак.

"Анын ичинен 23 миң 900 гектар жерге дан эгини, 5 миң 200 гектар жерге буудай, 18 миң гектар жерге арпа айдалат. Андан сырткары, 6 миң гектар жерге картошка, 500 гектар жерге жашылча-жемиш, 8 миң гектар жерге чөп өсүмдүктөрү айдалат", - дейт өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү.

Алымкулов бүгүнкү күндө 8 миң 863 гектар жер айдалып бүткөнүн айтат.

"Айдоо иштери былтыркы жылга салыштырмалуу эрте жүрүүдө. Ошондой эле ундун кымбаттаганына байланыштуу буудай аянтарын кеңейтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий