• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алымкулов: Нарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Нарын облусунда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, облуста күндөн-күнгө пневмония менен ооруган бейтаптардын саны көбөйүүдө. 17-июлга карата облус боюнча жалпы 1 миң 32 адамда коронавирус илдети жана пневмония аныкталган. Анын ичинен COVID-19 илдети - 654 учур, ал эми пневмония - 377.

"Коронавирустан 516, пневмониядан 62 бейтап айыкты. Учурда ооруканаларда COVID-19дан 29 бейтап, ал эми пневмониядан 285 адам дарыланууда. Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин коронавирус илдетинен облус боюнча 19 адам каза болду. Акыркы үч күндүн ичинде пневмониядан алты адам кайтыш болду", - деди ал.

Өкүлдүн айтуусуна караганда, каза болгон учурлардын көпчүлүгү үйдө өз алдынча дарыланып, дарыгерге кеч кайрылгандар арасында катталууда.

"Учурда пневмония менен ооруп жаткан 22 адамдын абалы өтө оор, 92си оор жана 171нин абалы орто деп бааланууда. Ал эми коронавирус жуккан 8 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Ошондой эле 21и оор, орто абалда 3 жана жеңил түрү менен 87 жаран ооруп жатат. 90 адам үй шартында дарыланууда, 503 адам үй изоляциясында", - деди Алымкулов.

Пикир

Оставить комментарий