• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алымкулов: Нарында коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондор кайрадан текшерилүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарында коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондорду кайрадан текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында коронавирус жуктурган 98 жаран менен байланышта болгон 3 миң 242 адам кайрадан текшерилди.

"Азыр байланышта болгон жана үй карантинине алынган жарандарды кайрадан үйлөрүнө барып, текшерүү үчүн кыдыруу иштери жүрүүдө. Алардын дене табы текшерлип, экспресс-тест жана ПЧР-тесттери алынып жатат. Азыркы күнгө чейин облус боюнча 46 миң 384 үй кыдырылды. Башкача айтканда, 210 миң 474 жаран кароодон өттү", - дейт ал.

Алымкулов Нарын облусунда 1 миң 443 орундук даярдалганын айтат.

"Алардын ичинде медициналык мекемелеринде 291 койкалуу 7 обсервация даяр турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү кызматтардын күчү менен бирге 988 койкалуу 14 обсервация даярдаган. Ошондой эле "Торугарт" өткөрмө бекетинде 164 койкалуу обсервацияны даярдап койгонбуз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий