• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алыс жолго аттансаңыз "112" номерине чалыңыз! ЖКККББ айдоочуларга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Айдоочулар жолго чыккан учурда “112” кызматы аркылуу жолдун абалы тууралуу маалымат алса болорун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам алыскы аймактарга каттаган жана шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалардын айдоочулары менен жолукту. Кызматкерлер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге унаалардын техникалык абалын көзөмөлгө алууда.

“Текшерүү учурунда транспорт каражаттарынын дөңгөлөк, терезе арчыгыч, кыймылдаткыч майы, унаанын ичин жылытуучу каражаттарынын оң абалда болуусун жана түнкүсүн жарык берүүчү фараларынын иштөөсүнө көңүл бурулуп, аныкталган кемчиликтер жеринен орундатылды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий