• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Алыш" бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчилиги 10-11-февралда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. "Алыш" бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Кыргызстандын биринчилиги 10-11-февраль күндөрү өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Мелдешке өлкөнүн аймактарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан 300гө жакын спортчу катышмакчы.

Байгелүү орундарды ээлеген спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланышат.

Иш-чараны өткөрүүгө 204 миң сом каралган.

Биринчилик 18 жана андан жогорку жаштагы спортчулардын арасында төмөнкү салмактар ченинде өтөт:

– эркектер (эркин жана классикалык стилде): 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;

– кыз-келиндер (эркин жана классикалык стилде): 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Пикир

Оставить комментарий