• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алыш боюнча Кыргызстан курамасы Азия оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 19-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы 17-27-сентябрда Түркмөнстанда өтө турган V Азия оюндарына катышат.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, спортчулар улуттук спорттун түрлөрү дирекциясынын эсебинен жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, 2010-жылы Ашхабад V Азия оюндарын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алган.

Кыргызстан курамасынын тизмеси:

Эркектер:

Нурбек Аканов -1987-ж, (100 кг чейин)
Жаныбек Аллакулов – 1993- ж, (80 кг чейин)
Шерикбай Аманилла уулу – 1995- ж, (90 кг чейин)
Ирлан Казбек уулу – 1996-ж, (70 кг чейин)
Асилбек Калматов – 1985-ж, (100кг ашык)
Нурбек Кожобеков – 1988-ж, (90 кг чейин)
Бекболсун Кушубаков – 1985-ж, (100 кг чейин)
Кайрат Маматзакиров – 1993-ж, (90 кг чейин)
Нурлан Садыралы уулу – 1995-ж, (70 кг чейин)
Мадан Шаршеналы уулу – 1997-ж, (70 кг чейин)
Ойбек Камулов – 1992-ж, ( 80 кг чейин)

Аялдар:

Уулкан Алибай кызы – 1995-ж, (65 кг чейин)
Кумушай Аттокур кызы – 1995-ж, (65 кг чейин)
Нурзат Бакктияр кызы – 1994-ж, (70 кг чейин)
Алтынай Мамарасул кызы – 1998-ж, (75 кг чейин)
Мээрим Мийзамидин кызы – 1994-ж, (55 кг чейин)
Мээрим Момунова – 1990-ж, (60 кг чейин)
Анара Рыскулова – 1995-ж, ( 55 кг чейин).

Пикир

Оставить комментарий