• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Алыш күрөшү боюнча Эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.11.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. 19-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жылда өткөрүлүүчү Алыш белбоо күрөшү боюнча Эл аралык мелдеш өтөт.

Таймаш коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналып уюштурулууда. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Монголия, Түркмөнстан, Беларусь, Иран жана башка жакынкы жана ыраакы өлкөлөрдөн келген 300дөн ашык спортчу катышат.

Мелдеште эркек балбандар (классикалык стиль) 70 кг, 80 кг, +80 кг жана абсолюттук салмак чендеринде, кыз-келиндер (эркин стиль) 55 кг, 65 кг, +65 килограмм салмак чендеринде күч сынашат.

Мелдеш КРнын “Алыш” белбоо күрөшүнүн улуттук федерациясы, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана А. Масалиев атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий