• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Алыш белбоо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыргыз Республикасынын баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналган мелдеш 18-19-декабрь күндөрү болуп өттү. Ал Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага 130дан ашык балбан катышты.

Эркектер арасындагы байге ээлери:

70 кг

1. Чоныбек Худойбердиев (Тажикстан)
2. Данияр Боронбаев (Кыргызстан)
3. Бекмамат Бейшенов (Кыргызстан)

80 кг

1. Мадамин Шаршеналы уулу (Кыргызстан)
2. Нурбек Нурматов (Кыргызстан)
3. Санжарбек Аманов (Кыргызстан)

+80 кг

1. Кадыр Келсинбеков (Кыргызстан)
2. Бобир Тухтасинов (Өзбекстан)
3. Асылбек Шадыбеков (Кыргызстан)

Абсолюттук салмак

1. Кадыр Келсинбеков (Кыргызстан)
2. Бехруз Гулмахмадзода (Тажикстан)
3. Бобир Тухтасинов (Өзбекстан)

Кыз-келиндер арасындагы жеңүүчүлөр:

55 кг

1. Анара Рыскулова (Кыргызстан)
2. Элза Абдукадырова (Кыргызстан)
3. Элзада Момунжанова (Кыргызстан)

65 кг

1. Нурзат Бактияр кызы (Кыргызстан)
2. Күмүшай Аттокур кызы (Кыргызстан)
3. Мээрим Момунова (Кыргызстан)

+65 кг

1. Нагира Сарбашева (Кыргызстан)
2. Кундузай Жайчыбекова (Кыргызстан)
3. Сахобат Шералиева (Өзбекстан)

Пикир

Оставить комментарий