• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алыскы калктуу конуштарда коммерциялык банктар көчмө кассаларын уюштурууда - Карабаева

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Алыскы калктуу конуштарда коммерциялык банктар көчмө кассаларын уюштурууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Карабаева маалымдагандай, алыскы айылдарда банктык карталарынан акча алуу үчүн шарттар түзүлүүдө. "Алыскы калктуу конуштарда кассалык тейлөөнү кеңейтүү үчүн Улуттук банк бир коммерциялык банк менен Кегарт айыл өкмөтүндө көчмө кассаларын камсыздоо максатында пилоттук долбоор ишке ашырылды. Көчмө кассаларынан кардарлар накталай акча каржатын ала алат. Ошондой эле башка коммерциялык банктар да көчмө кассаларын уюштурууда", - дейт ал.

Карабаева белгилегендей, социалдык туруктуулукту камсыз кылуу максатында кечээ, 9-апрелде Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан токтом кабыл алынды. "Токтомго ылайык, кардарлар кайсы банкка тиешелүү болгонуна карабастан пенсиондук жана социалдык карталарына түшкөн акча каражаттарын алуу учурунда комиссиялык төлөмдөр алынбайт. Ошондой эле "Кыргыз почтасы" ишканасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында пост-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн ар бир транзакция үчүн кардардан комиссия албоо сунушталган", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий