• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Суу районуна караштуу Кожокелең айылында жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылындагы №34 Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайк, 225 орунга ылайыкташтырылган мектептин ачылыш аземине КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев жана тиешелүү кызматтын жетекчилери катышты.

Белгиленгендей, №34 Султан Ибраимов атындагы орто мектебинин курулушу 2014-жылы башталган. Каржылоого республикалык бюджеттен 63 миллион сом бөлүнгөн. Жаңы имаратта ашкана, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Белгилей кетсек, №34 Султан Ибраимов атындагы орто мектебинде281 окуучу билим алат. Мектептин эски окуу корпусу 1986-жылы курулуп авариялык абалда болгон. Буга байланыштуу окуучулар үч нөөмөттө билим алып, окуучулар үчүн кыйынчылыктар жаралып келген.

Мындан сырткары, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургундары менен жолугушту. Жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан электр мамычасын орнотуу, жол маселеси сыяктуу көйгөйлөрүн айтышты. Ош облусунун башчысы жыйынга катышкан тиешелүү кызмат жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн тез арада чечүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий