• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык − президент коңшу мамлекеттер менен болгон алака тууралуу

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коңшу мамлекеттер менен болгон алака тууралуу сөз кылды.

“Буга чейин эч жерде айткан эмес элем, бүгүн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кетейин. Мен мамлекеттин башчылыгына келгенимде тышкы саясатта чиелешип калган маселелерди, коңшулар менен акыркы жылдары курчуп кеткен мамилелерди мураска алдым. Тышкы саясаттагы түйүн болуп калган маселелерди чечүүгө көп убактымды жана энергиямды короттум. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” демекчи, коңшуларыбыз менен мамилени түздөп, алардын бизге болгон ишенимин бекемдөө аракетине менин президенттик алгачкы бир жылдык убактым кетти. Кайсы өлкөгө барбайын, чечилбей келаткан майда жана ири маселе, күмөн саноо турду. Мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына доо кетирбей, ошол эле учурда алыскы жана жакынкы өнөктөштөрдүн ишенимине татыктуу болуу максатында таза ниет менен кадам жасап, мамиле түзүүгө болгон аракетимди жумшадым. Кудайга шүгүр, улуттук кызыкчылыктарга таянган жаңы прагматикалык тышкы саясатыбыз бир нукка салынды. Союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен алакабыз бекемделип, Батыш Европа жана араб өлкөлөрү менен болгон мамилелер жаны деңгээлге чыкты”, - деди ал.

Ошондой эле ал коңшу мамлекеттер менен болгон маселелерге да токтолду.

“Азырынча чек ара маселеси, өзгөчө тажик багытында татаал бойдон калууда. Казак боордошторубуз менен ЕврАзЭСте чогуу болсок да, айрым көйгөйлөр чыгып турат. Бул элдин нааразылыгын жаратып келаткан маселелер. Түшүнүп турам, элибиз ыкчам чечүүнү талап кылат. Бирок, бул маселелер бир тараптуу эмес, коңшулардын катышуусу менен чечилет. Албетте, бул маселелерди чечип, жагдайды ордуна коюу – канчалык олуттуу жана татаал экенин сиздер жакшы билесиздер. Ошол эле учурда бул иш куру кыйкырыкты эмес, кылдаттыкты талап кылаарын эсибизден чыгарбайлы. Сүйлөшүүлөр дайыма болуп келет. Тилекке каршы, дайыма эле биз ойлогондой, талап кылгандай шыдыр чечилип кетпейт. Өкмөттөр аралык комиссия, топтор иштеп жатат. Мамлекет башчылары менен жолуккан жерден, кайсы аянтча болбосун козголот. Президент катары мен бул маселелерди дайыма көкүрөгүмө түйүп келем. Бул иштин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенем”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий