• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алыскы Зардалы айылына интернет тартылды

Аймак 0


Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын эң алыскы айылы – Зардалыга интернет жеткирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ISOC интернет-коомунун кыргыз бөлүмүнүн долбоордук инженери Халил Ибрахим билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда жабдыктарды орнотуу дээрлик бүтүп калды.

“Анча-мынча техникалык иштери калды, бирок интернет тартып жатат. Эскерте кетсек, жабдыкты орнотуу боюнча иштер экинчи ирээт жүргүзүлүп жатат. Биринчи жолу жабдык 2021-жылы орнотулган, бирок кийинчерээк туура эмес колдонуудан улдам ал иштебей калган. Бул жолу өткөн жылкы кемчидиктерди эске алып, ишке олуттуураак карап жатабыз. Иштер 2022-жылы январда башталган. Жабдыкты орнотуу бир ай убакытты талап кылды. Орнотууга каражат интернет-коомунун башкы кеңсесинен бөлүндү. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миң доллар керектелди”, - деди ал.

Мындан тышкары, Ибрахим уюм күн панелин орнотуу менен гана алектенерин, ал эми интернет колдонгондугу үчүн жашоочулар төлөмдөрдү “Кыргызтелеком” ААКка төлөшөрун белгиледи.

Эскерте кетсек, ЮНИСЕФтин GIGA Accelerate долбоорунун алкагында ISOC тарабынан Зардалы айылына күн батареясы орнотулуп, ал жергиликтүү мектепти электр энергиясы менен камсыздаган. Ошондой эле күн батареясы бүт айылды, керек болсо коңшу конуштарды электр энергиясы менен камсыздай алат.

Маалымат үчүн: Зардалы Кыргызстандын эң алыскы айылы. Электр жарыгы, радио, телевизор, интернет жок. Айылга жетүү үчүн унаа жол жок болгондуктан тоо-ташты аралап барасың.

Пикир

Оставить комментарий