• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алыскы жолго чыкпай тургула! ӨКМ айдоочуларга эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы айдоочуларга эскертүү берип, алыскы жолго чыкпай турууну сунуштады.

Ведомстводон билдиришкендей, өлкө аймагында 19нан 20-январга чейин аба ырайы кескин түрдө өзгөргөнүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңуусу күтүлүүдө.

"Шашылыш билдирүүгө байланыштуу ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын офицердик курамы бул күнү айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө узак жолго чыкпай туруу жагын айтышып, зарыл иш менен узак жолго чыккан айдоочуларга керектүү шаймандарды жанына алып 500 метр аралыкты так сактоонун эскертишти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий