• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Алжирдин борборунда өткөн рэп-концертинде элдин кысылышынан улам 5 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 23.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Алжирдин борборунда өткөн рэп-концертинде элдин кысылышынан улам 5 адам каза болуп, 20дан ашыгы жабыркаган. Бул тууралуу Tout sur l'Algérie жергиликтүү басылмасы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Soolking аталышындагы ырчынын концерти Бейшемби күнү кечинде стадиондо өткөн. Элдин кысылышы стадионго кирген эшиктеринин биринде болуп, андан 2 эркек киши жана 3 кыз каза болгон. Андан сырткары, 21 адам жабыркаган, алардын өмүрү коопсуз абалда.

Кырсыкка карабай Soolking өзүнүн концертин токтоткон эмес. Анын концерти Canal Algérie телеканалында түз эфирде чагылдырылып турган.

Пикир

Оставить комментарий