• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алжирдин президенти Бутефлика 28-апрелге чейин отставкага кетерин билдирди

Дүйнө 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика 28-апрелге чейин кызматынан кетерин билдирди. Бул тууралуу маалыматты APS агенттиги президенттик администрацияга шилтеме жасап билдирди.

Өлкөнүн конституциясы боюнча, президент кызматтан кеткенде мамлекет башчынын убактылуу милдетин парламенттин жогорку палатасынын спикери аткарат. Бул кызматты азыр Абделкадер Бенсалах аркалайт, – деп кабарлады Euronews телеканалы.

Президенттик шайлоо 90 күндүн ичинде өтүүгө тийиш.

Бир нече жума мурун Бутефлика президенттик шайлоого бешинчи ирет катышуу ниетин билдирген.

Бул калктын нааразычылыгын жаратып, жапырт демонстарцияларга жол ачкан. Бутефликага каршы акцияларга жүз миңдеген кишилер катышкан.

Бутефлика Алжирди 20 жылдан бери (1999-жылдан) бери башкарып келет. 2013-жылы инсульт алгандан бери эл алдына көп чыкпай калган.

Пикир

Оставить комментарий