• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алжирдин президенти кыргыз элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Алжир Демократиялык Республикасынын Президенти Абдулмажид Табун Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Ислам үммөтүбүз ыйык Курман Айт майрамын тосуп жаткандыгына байланыштуу, Алжир элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн чыккан тилектерди айтуу менен, Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай каалоо мен үчүн кубаныч тартуулайт. Жараткан Аллах Таала барыбызга жана ислам үммөтүнө жакшылык, береке жана кут алып келсин.

Кудуреттүү Алладан коронавирус илдетинин кесепетинен жалпы адамзатты куткаруусун сурап кетем. Кудайым ислам үммөтүнүн кызматташтыгын жана биримдигин арттыра берсин.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, туруктуулук, бейкуттук, тынчтыктын мезгилинде, ислам үммөтүнүн жана эки элдин жыргалчылыгы, өркүндөп-өсүүсү үчүн бир туугандык карым-катнашты Сиз менен биргеликте бекемдөөгө дагы бир ирет даярдыгымды билдирем», — деп белгиленет Алжир Президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий