• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аманбаев облус башчыларын инвестицияларды талап кылбаган тармактарды өнүктүрүүгө чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев облус жана шаар башчыларына региондорду өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.

Аманбаев өкмөттүн облустардагы башчылар менен болгон жолугушууда облус жана шаар башчыларына эки жуманын ичинде өз региондорун өнүктүрүү планын иштеп чыгууну тапшырды.

«Бизге силердин сунуштарынан керек, анткени силер көйгөйлөрдүн баарынан жеринен билесиңер», - деди ал.

Ошондой эле Бактыбек Аманбаев азыр ири инвестицияларды талап кылбаган тармактарды өнүктүрсө боло тургандыгын кошумчалады. Алар: айыр чарба, туризм жана жеңил өнөр жайы.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси кошумчалагандай, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү керек. Аманбаев өлкөдө төө буурчак, картөшкө, өрүк жана этти кайра иштетип, экспорттосо болот деди.

Пикир

Оставить комментарий