• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

АКШдагы элчи Аманбаев Огайо штатында мекендештер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев баштаган элчиликтин кызматкерлери Огайо штатына жумушчу иш сапары барышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапары учурунда Бакыт Аманбаев аталган штатта жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев мекендештерди Кыргызстанда соңку жылы оорун алган Конституциялык реформа жана шайлоо кодексин өзгөртүүнүн мазмуну менен кенен тааныштырды.

"Мамлекет башчы С.Жапаров Конституциялык реформаны ишке ашыруу менен КРда соңку он жыл бою улантылган баш аламандыкты токтотуп, өлкөдө жоопкерчиликтүү бийлик системасын орнотуп, атуулдардын партиялык лидерлерден көз карандысыз түрдө өз талапкерлигин көрсөтүп, шайланууга жана өздөрү каалаган талапкерин тандоого болгон укуктарын кайтарып бергенди. Жаңы шайлоо мыйзамынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 120 дан 90 кыскарып, жарандар мурдагыдай партия лидерлерине жалдырабай, кааласа бир мандатуу округдардан кааласа партиялык тизме менен парламенттик шайлоого катыша алышат", - деген элчи жарандардын ар түрдүү суроолоруна жооп берип, мекендештерди алдыда болуучу парламенттик шайлоого активдүү катышууга үндөдү.

Ушул эле күндөрү элчиликтин кызматкерлери тарабынан Огайо штатында жашап иштеген жарандарга консулдук кызмат көрсөтүлдү: жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу/берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, мекенине кайтып баруу жөнүндө күбөлүктү берүү, консулдук каттоодон өтүү жана ар кандай нотариалдык документтерди менен камсыз кылуу сыяктуу иш-чаралар аткарылды.

Мындан тышкары, алдыда боло турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуунун тартиби жөнүндө толук маалыматтар берилип, жарандардын биометрикалык маалыматтары чогултулду.

Пикир

Оставить комментарий