• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Амангелдиев ДСУнун министрлер конференциясынын алкагында сессияларга катышты

Экономика 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлер конференциясынын алкагында уюмдун пандемияга реакциясы, азык-түлүк кризиси жана ДСУну реформалоо боюнча жумушчу сессияларына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул сессиялар ДСУга мүчө 164 өлкөнүн бардык министрлери жана башка жогорку деңгээлдеги соода саясаты боюнча кызматкерлери көп тараптуу соода тутумунун алдында турган актуалдуу маселелерди жана чакырыктарды талкуулоо жана иш жүзүнө ашыруучу жоопторду иштеп чыгуу үчүн чогулушкан негизги форум болуп саналат.

Министрлер конференциясында талкууланган маанилүү маселелердин бири келечектеги пандемияга каршы чара көрүү, вакциналарды өндүрүүнү, жеткирүүнү жана бөлүштүрүүнү жеңилдетүү үчүн ДСУнун эрежелерине ылайык, товарларды жана кызматтарды көрсөтүү үчүн туруктуу жана болжолдуу соода чөйрөсүн камсыз кылуу, терапия, диагностика жана COVID-19га керектүү башка медициналык буюмдар тууралуу болду.

Сессияда сөз сүйлөгөн министр Амангелдиев COVID-19 пандемиясы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кризиси маалында соода саясаты тармагында мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо барган сайын маанилүү болуп жатканын үйрөткөнүн белгиледи.

"Биздин негизги максатыбыз - пандемияга жана келечектеги ден соолук кризисине каршы күрөшүү үчүн керектүү медициналык буюмдардын чек аралар аркылуу натыйжалуу жана болжолдуу агымын камсыз кылуу", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий