• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аманкулов: 2040-жылга чейин жаштар өлкөнү өнүктүрүү процессине активдүү тартылышы керек

Коом 0

Бишкек, 27.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2040-жылга карата жаштар өлкөнү өнүктүрүү процессине активдүү тартылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинде өтүп жаткан “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференцияда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, стратегияга ылайык жаштарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасы, мамлекеттик жаштар саясатын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шарттар жана зарыл болгон укуктук негиздер түзүлүшү керек.

Аманкулов белгилегендей, аймактык саясаттын негизги артыкчылыгы болгон калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана калктуу конуштардын инфратүзүмдөрүн куруу максатында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды аткаруу максатында төмөндөгүлөр пландалууда:

- Мамагенттиктин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук форматка которуу;

- “Түндүк” системасына кошулуу;

- Региондордо жаштардын 10 борборун ачуу (4 шаарда, 6 айылда);

- Калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого тийиш болгон спорттук объекттердин тизмесин аныктоо жана инвестицияларды издөө.

Андан тышкары мамагенттиктин башчысы билдиргендей, жаштарды өнүктүрүү максатында бир нече улуттук долбоорлор ишке ашырылып келет. Атап айтканда, жер-жерлерде жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн өлкөнүн бардык 7 регионунда муниципалитеттердин базасында жаштардын 10 борборун ачуу. Өсүү башаты болгон 18 шаардын мэрияларынын арасында “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаарлар” сынагын өткөрүү. Долбоор аркылуу жаштардын бакубаттуулугу менен байланышкан маселелерди чечүүдө алардын катышуусу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде инклюзивдик саясатты жана чечимдерди кабыл алуунун тажрыйбасын жайылтуу колдоого алынат.

“Мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдарынын (ЖӨБО) адистери үчүн квалификацияны жогорулатуунун “Жаштар үчүн перспективалар” программасы ишке ашыруу. Андан тышкары, биримдиктеги коомду түзүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, социалдык кызматкерлерди кошкондо өз ара аракеттенүүлөрдү чыңдоого көмөк көрсөтүүсү жаш лидерлердин чөйрөсүн түзүү. Жаштардын жарандык катышууларын жогорулатуу жана эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөргө карата жаштардын даярдыгын жакшыртуу. Долбоордун алкагында 100 мектепте турмуштук көндүмдөрдүн борборун түзүү пландалууда. Чек арага жакын өлкөлөрдүн жаштарынын ынтымагына жана өз ара аракеттенүүлөрүнө, ошондой эле чек арага жакын облустарды социалдык биримдикти жакшыртууга көмөктөшүү”, - дейт Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий