• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аманкулов: Астанада өткөн Көк бөрү ассоциациясынын кеңеши мыйзамсыз

Коом 0

Бишкек, 16.02.19 /Кабар/. Жакында Астана шаарында өткөн Дүйнөлүк көк бөрү (көкпар) ассоциациясынын кеңеши мыйзамсыз. Анткени уюмдун өзүнүн уставы бар, ошону сакташ керек болчу. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.

“Эл аралык көк бөрү федерациясынын уставын окуп берейин. Конгресс алдында үч ай мурун боло турган жыйындын күн тартибин бекитип, Эл аралык көк бөрү федерациясынын генералдык секретары (Жыргалбек Саматов – прим.) уюмга кирген ар бир федерацияга кат жибериш керек. Анан дароо келе калгыла деген жөнөкөй чогулуш болуп калды. Ошондуктан анын чечими мыйзамсыз”, - деди Аманкулов.

Анын айтымында, жакында Кыргызстан тийиштүү документтерди толтуруп, уставдын негизинде кат жиберип, Эл аралык көк бөрү федерациясына мүчө мамлекеттерди расмий түрдө чакырып жыйын уюштуралы деп пландап жатабыз.

"Ошондо баары билинет оюу дагы, планы, кылып аткан иштери. Уставга жатпаган иш болуп атат", - деди Аманкулов.

Кечээ "Хабар 24" телеканалы Астанада Дүйнөлүк "Көкпар" ассоциациясынын кеңеши өтүп, анда жаңы эрежелер кабыл алынды. Ага ылайык, тай казандын ордуна тегерек, ал эми улак анын жасалма үлгүсүнө алмаштырылат, - деп кабарлаган.

Бул жыйынга Кыргызстандын өкүлдөрү катышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий